Ссылки доступа

“Чоң жетилик” өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды узартууну чечти


Аталган өлкөлөрдүн лидерлери санкциялар Минск келишими толугу менен аткарылмайынча алынбашы керек деп эсептешет. Ошондой эле Орусияга каршы санкциялар анын Украина жаңжалындагы ролуна байланыштуу узартылышы керек деген пикирди карманышат.

Бул туурасында Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Японияда өткөн “чоң жетилик” саммитинин аягындагы басма сөз жыйынында билдирди.

Саммиттин билдирүүсүндө “жетилик” өлкөлөрү Крымдын аннексияланышын айыптары жана Крым жарым аралынын Орусияга кошулушу жөнүндөгү референдумдун жыйынтыктарын тааныбай тургандыгы белгиленген.

Ошондой эле аталган өлкөлөрдүн лидерлери Украинадагы ок атышууну толук токтотууга алып келе турган чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырышты. Евробиримдиктин Орусияга каршы киргизген санкцияларынын мөөнөтү июлдун аягында бүтөт.

XS
SM
MD
LG