Ссылки доступа

Сирияда жихадчылар чек арадагы аймактарга чабуул койду


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун согушкерлери Мари шаарына ишембиге караган түнү чабуул коюшкан. Алар жардыруучу заттар толтурулган автоунааларды жана танктарды колдонушууда.

Бир күн мурда согушкерлер Сирия менен Түркиянын чек арасындагы Аазаз шаарына жакын бир катар эл жашаган аймактарды басып алганын кабарлаган.

Жекшемби күнү дагы согуш токтогон жок. Мари жана анын айланасындагы аймактардан 6 миңдей адам качууга мажбур болду. Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. Башпаанек издеп алар Алеппонун түндүгүнө сапар тартышты.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча чабуул башталган учурда шаардан качууга аракет жасаган карапайым тургундар аткылоого дуушар болушкан. Болжол менен аймакта 165 миң киши жашайт.

28-майда эртең менен Түркиянын армиясы АКШ баштаган коалициянын аткылоосунун натыйжасында 100гө чамалуу согушкер жок кылынганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG