Ссылки доступа

Президент Рахмондун кызы депутат болду


Тажикстан президентинин аткаруу аппаратынын жетекчиси жана мамлекет башчысынын кызы Озода Рахмон депутат болуп шайланды.

Расмий маалыматтарга караганда, 29-майда Дүйшөмбү шаары менен баш калаанын райондорунун эл депутаттарынын межилистеринин биргелешкен сессиясында Озода Рахмон Межилис Оли депутаты болуп шайланган. Анын талапкерлиги бир добуштан колдоого алынган.

Буга чейин парламенттин жогорку палатасында № 4 округдан Бахтиёр Худоёрзода – президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси депутат болчу.

Озода Рахмон 38 жашта, 5 баланын энеси. Юридика илимдеринин кандидаты. 2005-2007-жылдары Тажикстандын АКШдагы элчилигинин маданият бөлүмүндө иштеген. 2007-2009-жылдары Тажикстан ТИМинин консулдук бөлүмүн башкарган. 2009-2014-жылдары Тажикстан ТИМинин жетекчисинин орун басары болгон. 2014-жылдын 15-майынан тартып – биринчи орун басарлык кызматты аркалаган. 2016-жылдын 27-январында Озода Рахмон Тажикстан президентинин аткаруу аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG