Ташкенттик пенсионер Лариса Кузнецованын айтымында, өлкөдө нак акча абдан тартыш болгон учурда өзбек пенсионерлери калктын эң корголбогон катмарына айланды.
- Бизге нак акча керек. Биз базарга барып, эң арзан жашылчаларды сатып алабыз. Пластик карталар аркылуу дүкөндөрдөн азык-түлүк алыш керек болсо, 20-30 эсе кымбатка түшүп калат. Өкмөт пенсияларыбызга тийбей эле койсо болмок, - дейт 65 жаштагы пенсионер Кузнецова.
Өзбекстанда нак акчанын жетишсиздигинен администрациялардын жетекчилери атайын штабдарды түзүп, кызматкерлерине пенсиялардын кеминде 30 пайызын пластик карталарга өткөртүү жөнүндө оозеки көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбур болууда.