Ссылки доступа

Орусиядан Гюмридеги армяндардын өлүмү үчүн 450 миң евро талап кылынууда


Гюмри шаарында орусиялык жоокер Валерий Пермяковдун колунан набыт болгон Аветисяндын үй-бүлөсүнүн мураскорлору Орусияга каршы жарандык доо арыз беришти. Алар моралдык кенемте төлөп берүүнү талап кылышууда.

Аталган үй-бүлөдөгү кайтыш болгон 5 чоң адамдын ар бири үчүн 50 миң евродон, ал эми набыт болгон эки жаш бала үчүн 100 миң евродон талап кылынып жаткандыгын "Азаттык" радиосунун армян кызматы кабарлады.

"Бул жерде БУУ бекиткен жашоого болгон укук бузулуп, материалдык эмес зыян келтирилген. Орусия - бул конвенциянын мүчөсү. Ал Гюмридеги орусиялык базанын өкүлдөрүнүн иш-аракеттери үчүн жоопкер болушу керек", – деп билдирди жабырлануучулардын жактоочусу Арамазд Кивирян.

2015-жылдын 12-январында Гюмри шаарындагы орусиялык базанын жоокери уруксатсыз эле нөөмөтүн калтырып, курал алган боюнча шаарга кетип калган. Шаардагы үйлөрдүн бирине кирип, уктап жаткан жети адамды, анын ичинде эки жаш баланы автомат менен атып өлтүргөн.

Былтыркы жылдын августунда орусиялык гарнизондук сот Пермяковду иштен качуу, ишенип берилген куралды уруксатсыз алып кетүү, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды уурдоо, мыйзамсыз колдонуу боюнча күнөөлүү деп тапкан. Орусия соту аны 10 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен.

XS
SM
MD
LG