Ссылки доступа

Казакстанда "репрессия" кайтып келгендиги айтылууда


Өткөн жумада түзүлгөн “Араш” комитетинин мүчөлөрү 21-майда камалган казак активисттерин боштондукка чыгарууну талап кылышты.

Комитеттин мүчөлөрү – журналисттер Жанболат Мамай, Гүлжан Ергалиева, укук коргоочу Амангелди Шорманбаев, Маржан Аспандиярова, саясат таануучу Расул Жумалы бүгүн Алматыда басма сөз жыйынын өткөрүп, Казакстанга “репрессия кайтып келгенин” билдиришти.

- Жок, баары эле биле бербейт. Бирок админстративдик камакка алынып, атайын жайда жаткан кишинин толугу менен укуктары чектелген да. Ал атүгүл телефон чала албайт. Жекшемби күндөрү тамак-аш кийирүүгө дагы болбойт,-деди активист Маржан Аспандиярова.

Мындан тышкары камактагы жарандардын үйлөрү тинтүүгө алынып жаткандыгы айтылды.

Жер реформасы боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, жарандык активист Мухтар Тайжан «Араш» комитети менен комиссиянын биргеликте иш алып баруусуна болгон аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Социалдык түйүндөрдүн 30дай колдонуучусу майдын ортосунда камакка алынган. Алар жер реформасы боюнча нааразычылыктарын билдирип, 21-майда митинг өтө тургандыгын жазып чыгышкан болчу.

XS
SM
MD
LG