Ссылки доступа

Өзбекстанда сойкуларга далдалчылык кылган көп балалуу эне соттолду


Өзбекстандын Жизак облусунда жаш кыздарды сойкулук үчүн чет өлкөгө сатуу менен алектенген топ кармалды. Бул туурасында Интерфакс агенттиги облустук соттун өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.

«Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу он балалуу эне экендиги аныкталды. Сот аны 9 жылга эркинен ажыратты. Ал эми эки шеригин 8 жана 8 жарым жылга кести”, - деди соттун өкүлү.

Анын айтымында, соттук териштирүүлөр учурунда бул аялдар жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн кыздарына жолугуп, Европа менен Азия өлкөлөрүнө барып, көп акча таап келүүнү сунушташкан. Иш жүзүндө болсо аларды сойкуканаларга жөнөтүп турушкан.

Далдалчылардын колунан качып, Өзбекстандын дипломатиялык миссияларынын жардамы менен үйүнө кайтып келген бир нече аял укук коргоо органдарына кайрылып, анын натыйжасында бул кылмыштуу топту колго түшүрүүгө мүмкүн болду.

XS
SM
MD
LG