Ссылки доступа

Америка зоопаркында баланы сактап калуу үчүн горилланы атууга туура келди (видео)


Цинциннати (АКШ) шаарындагы зоопаркта он мүнөт бою вольерде төрт жашар баланын жанынан кетпей койгон горилла өлтүрүлдү. Наристе ооруканага жеткирилди.

28-майда бала тосмодон ашып түшүп, вольердеги аңга кулап кеткен. Ага Харамбе аттуу эркек горилла барып, кармап алып ары-бери ташып жүргөн. Вольердеги эки ургаачы горилла балага жологон эмес.

Зоопарктын атайын тобу баланы сактап калуу үчүн Харамбени өлтүрүүнү чечишкен. Анткени транквилизатор ыкчам таасир бере алмак эмес.

«Зоопарктын коопсуздук кызматынын ыкчам аракети менен бала аман калды. Биз горилланын өлүмүнө алып келген мындай трагедиялуу окуядан эсибизди жыя албай жатабыз. Бул жаныбарлардын саны барган сайын азаюуда”, - деди зоопарктын директору Тейн Мейнард (Thane Maynard).

Зоопарк 29-майда кайрадан иштей баштайт. Бирок гориллалар жайгашкан секцияга эл киргизилбейт.

XS
SM
MD
LG