Ссылки доступа

Анкара Москваны күрддөрдү куралдантып жатат деп айыптоодо


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусияны тыюу салынган Күрдстандын Жумушчу партиясын курал менен камсыздап жатат деп айыптады.

Мамлекеттик ЖМКлар анын Москванын Ирак менен Сирия аркылуу курал-жарак өткөргөндүгү жөнүндөгү сөзүн жарыялашкан. Түрк бийлигинин өкүлдөрү президент чындап эле ушундай эскертүү бергенин тастыкташты. Ага жооп иретинде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов: “Бирөө бирдеме деп жатса, сөзүн далилдеп берсин”, - деп билдирди.

Эрдоган буга чейин эле Сириядагы күрддөрдү колдоп жатат деп Москваны сындап келген. Былтыркы жылдын ноябрында түркиялык аскерий-аба күчтөрү орусиялык учакты атып түшүргөндөн кийин эки өлкө ортосундагы мамиле кескин начарлаган. Аталган окуядан кийин Орусия президенти Владимир Путин Түркияга каршы санкцияларды киргизип, эки тараптуу соода жүргүзүүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөгөн.

XS
SM
MD
LG