Ссылки доступа

Тажикстанда жети имам-хатибдин иши сотко жөнөтүлдү


Согди облусунун борбордук жана коомдук мечиттеринин жети имам-хатибинин иши сотко жөнөтүлдү. Алар Тажикстанда тыюу салынган “Мусулман бир туугандар” уюмунун идеяларын жайылткан деп айыпталууда.

Алардын баары 2016-жылдын мартында тергөө абагына отургузулуп, Кылмыш кодексинин 307-беренеси боюнча тыюу салынган уюмга мүчө болгон деп айыпталышкан. Бул үчүн 5 жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

“Бир тууган мусулмандар” уюмунун ишине 2006-жылы эле тыюу салынган. Бирок ушул убакка чейин мындай айыптоолор боюнча камакка алынгандардын саны өтө аз болчу. «Бир тууган мусулмандар” – 1928-жылы Египетте түзүлгөн эл аралык диний-саясий бирикме. Ал көптөгөн өлкөлөрдө террорчулук уюм деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG