Мамлекет башчысы селден улам каза тапкан беш адамдын жакындарына көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүү максатында өз фондунан 500 миң сом бөлүп берди.
Кадамжай - Айдаркен унаа жолун таштардан тазалоо иштери аягына чыгып калды. Бул ишке ӨКМдин техникасы тартылган.
Орозбеков атындагы айылда үч турак-жай олуттуу зыян тарткан. Зыяндын көлөмү такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, Кыргызстандын дээрлик бардык тоолуу айылдары сел коркунучуна кириптер болушу ыктымал.