Ссылки доступа

Украин чалгынчылары: Крымда орусиялык аскерлер көбөйүүдө 


Орусия аннексиялап алган Крымда 24 миң орусиялык аскер бар. Бул тууралуу Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, Орусия жарым аралдагы аскерлеринин санын көбөйтүүдө.

«Орусия Крымдагы аскеринин санын көбөйтүүдө. Азыр мында 24 миңге чукул аскер, 613 танк мнен бронетранспортер, 162 артиллерия системалары, 100гө чамалаш согуштук учак, 56 тик учак, 16 жээктик ракета комплекстери, 30 согуштук суу үстүндөгү кеме жана 4 суу алдындагы кеме бар”, - деп билдирди украиналык аскерий мекеменин өкүлү Вадим Скибицкий.

Ал 2020-2025-жылдарга чейин Орусия Крымдагы аскерлери менен курал-жарактын санын “бир жарым-эки эсеге” көбөйтүүнү пландап жаткандыгын белгиледи.

Орусиялык тарап азырынча буга жооп бере элек. Бирок Орусиянын коргоо министрлиги жарым аралдын аймагында аскерий машыгуулар жигердүү жүрүп жаткандыгын жашырган деле жок.

XS
SM
MD
LG