Ссылки доступа

Чаддын мурдагы президенти өмүр бою эркинен ажыратылды


Сенегалдын атайын трибуналы Чаддын мурдагы президенти Хиссен Хабрени адамзатка каршы кылмыш кылганы үчүн өмүр бою абакка кести.

Сот Хабре бийликте турган 1982-90-жылдары саясий оппоненттерин кыйноого алган жана өлтүргөн деп тапты.

Укук коргоочулар Чаддын мурдагы башчысы 40 миңден ашуун адамды өлтүргөнүн айтып келишет. Сынчылары аны “африкалык Пиночет” деп аташат.

Хабре 1990-жылы Чаддагы төңкөрүштөн кийин Сенегалга качкан. Ошондон бери жабыркагандар жана укук коргоочулар аны Сенегалда соттотууга аракет кылып келишкен.

Хиссен Хабре өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. Ал жарым ай ичинде өкүмгө каршы арызданса болот.

XS
SM
MD
LG