Ссылки доступа

Өзбекстандын белгилүү акыны Эркин Вахидов көз жумду


Ташкентте Эл акыны, Өзбекстандын баатыры наамынын ээси Эркин Вахидов 30-майда дүйнө салды. Маалымдалгандай, ал соңку жарым жыл аралыгында үч сапар инсульт алган.

Ал – Өзбекстандын эң көрүнүктүү акындарынын бири, “Өзбегим” ырынын автору. Бул чыгарма өлкөнүн экинчи улуттук гимнине айланган. Өзбек парламентинин эл аралык иштер комитетинин мурагы төрагасы Эркин Вахидов дүйшөнбү күнү кечинде Ташкенттин өкмөттүк ооруканасында көз жумду.

Ташкенттик журналисттин айтымында, төшөктө жатып калган акындын жанында өмүрлүк жары жана кызы гана болгон. 1990-жылдары “Бирлик” оппозициялык кыймылына лидерлик кылганы унутулуп, акыркы кездерде ал бийлик менен жакын ымалада эле. Ага карбай акын ооруп жатканда эч ким анын тагдырына кызыгып, ден-соолугун сурап келген эмес.

Вахидов Фергана облусунда мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси 1945-жылы Ташкентке келип, ал шаардагы мектептердин биринде билим алат. Жогорку окуу жайын бүтүргөн соң Вахидов басылмаларда иштеп, адабий журналды жетектеген.

30дан ашуун поэтикалык жыйнактардын автору, бир нече пьесасы үчүн жогорку наамга татыган, анын ичинде Өзбекстан Баатыры деген даражага арзыган.

XS
SM
MD
LG