Ссылки доступа

ИИМ "бир түндүк нике" тасмасы боюнча териштирүүнү баштады


Интернетте тараган “Табарак” фондунун негиздөөчүсү боюнча тасманы Ички иштер министрлиги териштире баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган тасма боюнча ИИМдин алдындагы адеп-ахлак жана адам сатуу боюнча башкармалык учурда териштирип жатат. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынмакчы.

Буга чейин Кувейт жарандары түзгөн “Табарак” деп аталган кайрымдуулук фонддун негиздөөчүлөрү боюнча интернетке аудио жана видео тасма тараган. Анда аталган фонддун негиздөөчү кыргызстандык кыздар менен бир түнгө “убактылуу нике” кыюу тууралуу сүйлөшкөн. Ошондой эле интимдик видеолор да тиркелген.

XS
SM
MD
LG