Ссылки доступа

Казакстанда "Свобода" оппозициялык сыйлыгынын ээлери белгилүү болду


“Свобода” оппозициялык сыйлыгына Nakanune.kz сайтынын редактору Гүзел Байдалинова, жарандык активист Жанат Есентаев жана калемгерлердин укугун коргоочу “Журналисттер коркунучта” уюмунун президенти Розлана Таукина татыды.

Бул тууралуу сыйлыктын уюштуруу комитетинин өкүлү Игорь Колов билдирди. Лауреаттардын ысымдары 30-майда белгилүү болду.

Демократиянын өнүктүрүүгө жана жарандык коомдун калыптанышына салымын кошкон жарандарга сыйлык бүгүн тапшырылат. 31-май Казакстанда саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет.

“Свобода” сыйлыгынын эки лауреаты азыр камакта. Nakanune.kz сайтынын ээси жана редактору Гүзел Байдалинова өткөн жылдын декабрында абакка отургузулган. 23-майда биринчи инстанциядагы сот Байдалинованы бир жарым жылга эркинен ажыраткан. Ал жалган маалыматты таркатуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Байдалинова айыптарды четке кагып келет.

Оролдук активист Жанат Есентаев 17-майдан бери абакта. Ал эки айга камакка алынган. Есентаевди 21-майда күтүлгөн каршылык акцияларына чакырык жасагандыгы үчүн кармап кетишкен.

“Свобода” сыйлыгы 2003-жылдан бери ыйгарылып келет.

XS
SM
MD
LG