Ссылки доступа

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан


Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен тангандыгына байланышкан окуяны иликтей башташты.

«Азыркыга чейин окуучулардын эмне себептен эсин жоготкондугу так аныктала элек. Прокуратура мунун себебин тыкыр иликтеши зарыл”, - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Навруз Жафаров. Шаардык прокуратуранын тергөөчүлөрү окуучулардан түшүндүрмө кат алган соң, бир нече роза гүлүн экспертизага ала кетишкен.

27-майда Вахдат шаарынын Суфиён кыштагындагы 11 окуучу эстен танып, ооруканага жеткирилген. Күбөлөрдүн айтымында, алар мектептин жанында өскөн роза гүлдөрүн жыттагандан кийин эсин жоготушкан. Төрт күндөн кийин алардын тогузу кайрадан сабакка катыша баштаган. Экөө дале ооруканада.

Аталган мектептин мугалими Муким Жураевдин айтымында, эртең менен эрте окуучулар роза гүлдөрүн кесип алып, класстарга алып киргенден бир аз өтпөй эле эстеринен танышкан.

«Адегенде 10-класстын окуучусу гүлдү жыттагандан кийин партада отурган боюнча уйкуга кеткен. Андан кийин дагы бир окуучу кыз эсинен танып, ага жардамга келген башка бала да ушундай абалга кириптер болгон. Эсин жоготкон дагы башка баланы биз мектептен 100 метр аралыкта жаткан жеринен таптык”, - деди ал.

XS
SM
MD
LG