Ссылки доступа

"Талибан" согушчандары Ооганстандагы автобустардын 16 жүргүнчүсүн өлтүрүштү


“Талибан” кыймылынын согушчандары шейшембиде Ооганстандагы автобустардын 16 жүргүнчүсүн өлтүрүштү. Бул жөнүндө Франс Пресс агенттиги билдирди.

Алар Ооганстандын түндүгүндөгү бир нече автобусту токтотуп, кеминде 16 жүргүнчүнү өлтүрүп, башкаларын барымтага алышты. Бул туурасында Кундуз провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы кабарлады.

Кундуздагы полициянын командири Шир Азиз Камавал каза тапкандардын саны 17 адамга жетти деп эсептейт.

"Талибан" радикалдуу кыймылынын аракеттери НАТОнун Ооганстандагы согуштук миссиясы аяктаган соң күчөй баштады. Анын катарында 40 миңден 60 миңге чейин согушчан бар.

XS
SM
MD
LG