Ссылки доступа

Румыния президенти Орусия президентинин сөзүнө жооп берди


Орусия президенти Владимир Путин Румыния президенти Клаус Йоханнисти румын аймагында АКШ жана НАТОнун ракетага каршы коргонуу элементтерин жайгаштыргандыгы үчүн сынга алып, опузалаган.

Йоханнистин айтымында, Бухаресттин дарегине болгон "негизсиз" коркутуулар Румыниянын коопсуздукту бекемдөөдө туура багытта бара жаткандыгын көрсөтөт.

Клаус Йоханнис АКШ жана НАТОнун ракетага каршы системалары Орусия менен байланышта эместигин, ал эми Москванын позициясы Румыниянын коркутпасын билдирди.

Өткөн жума күнү румын басылмалары Путин өтө эле “аша чаап” кеткендигин жазып чыгышкан. Ал Румыния жана Польша орусиялык ракеталар жете турган радиуста жайгашып калышы мүмкүн деп опузалаган. Москва Польша жана Румынияда орун алган ракетага каршы коргонуу объектилери Орусия үчүн кооптуу деп эсептейт. НАТО болсо бул система аталган өлкөгө эч кандай тиешеси жок экендигин бир нече жолу жарыялаган.

XS
SM
MD
LG