Ссылки доступа

БУУ: Жер ортолук деңизде бир жумада 880 адам өлдү


Жер ортолук деңизде соңку бир жумада 880ден кем эмес мигрант чөгүп кетти деп болжолдонууда. Бул туурасында БУУнун качкындар маселеси боюнча агенттиги билдирди.

Качкындар иши боюнча комиссариатынын расмий өкүлү Уильям Спиндлер Женевада буларды айтты:

- Италиянын флоту өз ишин эң мыкты аткарууда. Бир апта ичинде эле алар 14 миңден ашуун адамды куткарышты. Бирок тилекке каршы адам өмүрү кыйылган учурлар да катталууда. Ушул жылы эле эки жарым миңден ашуун киши набыт кетти. Өткөн жылы бул маалга карата өлгөндөрдүн саны 1850 болгон.

Италия бийликтеринин айтымында, алардын жээктерин көздөй жол тарткан кайыктар негизинен Ливиядан адам аткезчилиги менен алектенгендердин жардамы менен жөнөтүлүп жатат.

Эл ташууга ылайыксыз кайыктарга жүктөлүп, ачык деңизге чыгарылган мигранттар негизинен Африканын Сахара бөлүгүнөн жана Батыш Африка өлкөлөрүнөн чыккандар.

Мындан сырткары арасында Ливиянын өзүнөн, Алжир, Марокко, Египет, Ирак жана Ооганстандан келгендер бар. Алар өз өлкөсүндөгү зомбулуктан качып, Европаны көздөй агылууда.

XS
SM
MD
LG