Соттун 30-майдагы чечими менен ал камакка алынып, ага карата Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
"Пенсионер-майып адамга кам көрүү үчүн ишке алынган аял аны такай уруп-согуп, кемсинтип, коркутуп-үркүтүп келгендиги аныкталды. Сурак учурунда ал жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алды. Тергөө уланууда”, - деп кабарлады тергөө комитетинин өкүлү Ольга Врадий.
А.Насибаны 76 жаштагы белгилүү орусиялык инженер-ойлоп табуучу Владимир Брувердин кызы жалдаган. Инженер Альцгеймер жана Паркинсон ооруларынан жабыркап жүргөн. Анын кызы видеокамерадагы тасмадан Насибанын атасын уруп-согуп, кыйнагандыгын көргөндөн кийин полицияга кайрылган. Кийинки мезгилде атасынын денесинде көгөргөн тактар пайда болуп, 45 килограммга арыктап кеткендигин байкаган.
Насибанын күнөөсү далилденсе, 7 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.