Ссылки доступа

Тажикстанда айлык акы менен пенсия 25% жогорулайт


Бир айдан кийин Тажикстанда пенсия менен айлык акы 15 пайыздан 25 пайызга чейин жогорулайт. Тажикстандын каржы министрлиги бул үчүн бардыгы даяр экендигин кабарлады.

Өкмөттүн планына ылайык, бюджет тармагындагылардын айлык акысы орточо эсеп менен 20% көтөрүлөт. Айлык акынын минималдуу өлчөмү 60 пайызга, студенттердин стипендиялары 30 пайызга көбөйтүлөт.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон эки жыл мурун эле ушундай кадамга барууну убадалаган. Бирок былтыр каржы каатчылыгынан жана бюджетти толтуруу пландары аткарылбай калгандыктан бул убада аткарылган эмес.

«Быйыл бул максаттарга өлкө бюджетинен 1 миллиард 323 миллион сомони жумшалат», - деди президент. Ал өлкөнүн быйылкы бюджети «тышкы факторлордон көз каранды” экендигин айтып, чиновниктерди милдеттемелерди так аткарууга чакырды. Тажикстанда казнадагы каражат былтыркыдан быйыл 20 пайызга жогору.

XS
SM
MD
LG