Ссылки доступа

"Отставка" чакырыгы үчүн Тажикстан жараны түрмөгө кесилди


“Группа 24” тыюу салынган уюмуна тиешеси бар Кабадиян районунун тургуну президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандыгы үчүн беш жылга эркинен ажыратылды.

Ага өкүм өткөн жума соңунда эле чыккан, бирок басылмалар бул маалыматты эми гана билди.

Хатлон облусунун Кабадиян районунун тургуну январдын башында эмгек миграциясынан кайткандан кийин кармалган. Ал экстремисттик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө жана экстремисттик коомчулукту түзүүгө чакырган деп айтыпталган.

Соттун кортундусунда белгиленгендей, Х.С.Д. аттуу жаран 2014-жылы Орусиянын Екатеринбург шаарында “Группа 24” уюмуна кирип, Тажикстан бийлигине каршы акцияларга катышып, Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган.

”Ал Екатеринбургдун “Стрела” кинотеатрында “Группа 24” экстремисттик уюмунунун жыйынына катышкан. Чогулгандар Тажикстан Республикасынын жетекчиси туурасында жагымсыз пикирлерин билдирген жана «Отставка», «Отставка», «Эмомали Рахмонго отставка» деп кыйкырган. Х.С.Д. дагы башка тажик мигранттары сыяктуу «Отставка», «Отставка», «Отставка» деген чакырык таштаган”,- деп баса белгиленет соттун чечиминде.

Укук коргоочулардын пикиринде, ушул убакытка чейин Тажикстанда “Группа 24кө” мүчө болгондугу үчүн 20дан ашуун адам эркинен ажыратылган. Бул уюмдун ишмердүүлүгүнө 2014-жылы Тажикстандын Жогорку Соту тыюу салган.

XS
SM
MD
LG