Израиль министри түркмөн кесиптешине Ашхабаддагы израиль элчилигинин ачылышына жардам жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Иерусалим Түрмөнстандын эл аралык аренадагы бейтарап позициясын өтө жогору баалай тургандыгын баса белгиледи. Мындан тышкары Түрмөнстан Израилде элчилик ачууну чечсе, Иерусалим кубанычта боло тургандыгын кошумчалады. Бул эки өлкө мамилесинин өнүгүшүнө жана экономикалык байланыштардын жанданышына жаңы дем берет деп ишенет.
Түркмөн тышкы саясат мекемесинин башчысы өз кезегинде Ашхабад түркмөн-израиль экономикалык жана маданий байланыштарын арттырууга чындап эле кызыкдар экендигин билдирди.
Израилдин Алия жана абсорбция министрлиги (2013-жылга чейин Абсорбция министрлиги деп аталган) — Израиль мамлекетинин өкмөттүк мекемелеринин бири, ал мамлекеттин иммиграция багытындагы саясаты үчүн жооптуу. Министрлик кайрылмандарга мамлекеттик жардам берүү боюнча иш алып барат.