Ссылки доступа

HRW Киевди орусиялык журналисттерге каршы санкцияны алып таштоого үндөйт


Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму украин бийлигине кайрылып, өткөн жумада орусиялык ММК жетекчилерине киргизилген санкцияларды токтоосуз түрдө алып салууга чакырды.

HRW Украинанын орусиялык пропагандагын кесепеттерине тынчсыздануусу негиздүү деп эсептейт. Бирок уюмдун пикиринде, сөз эркиндигин чектөө – ката чечим.

27-майда украин президенти Петр Порошенко Орусиядагы белгилүү ММКлардын 17 жетекчисин 2017-жылдын 31-декабрына чейин өлкөгө киргизүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон

Тизмеде "Биринчи каналдын" башкы директору Константин Эрнст, "Правда.Ру" холдингинин ээси Вадим Горшенин, ТАСС маалымат агенттигинин башкы директору Сергей Михайлов, LifeNews телеканалынын мурдагы башкы директору Ашот Габрелянов, Russia Today телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян бар.

Билдирүүдө Украина Адам укуктарын коргоо боюнча европалык конвенциянын жана сөз эркиндигин коргоого багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын катышуучусу экендигин белгилейт. Human Rights Watch Евробиримдик, АКШ жана Украинанын башка өнөктөштөрү украин бийлигине цензурага жол берилбей тургандыгын түшүндүрүшү керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG