Ссылки доступа

ЕБ Грузия жарандарына визалык жеңилдиктерди киргизүүнү кийинкиге калтырды


Евробиримдик Грузиянын жарандарына визалык жеңилдиктерди киргизүүнү кийинкиге калтырды. Мыйзамсыз миграция агымынын күчөшүнө байланыштуу Евробиримдик Түркия, Украина жана Косово менен да визасыз алаканы киргизүүнү кечеңдетүүдө.

Евробиримдиктин Брюсселдеги элчилери Грузия менен визасыз алакада болуу маселесин талкуулаган. Бирок Германия менен Франциянын каршы болгондуктан эч кандай чечим кабыл алышкан жок. Бул маселе кайрадан кийинки жумада каралышы ыктымал.

Түркия Евробиримдик менен визасыз алаканын киргизилишин миграция маселелерин чечүүдөгү жардамы үчүн төлөм деп атады.

Украина менен Грузия үчүн визасыз режим Орусия менен геосаясий кармашуунун бир бөлүгү болуп саналат. Косово болсо Батыш Балкан өлкөлөрүнүн ичинен визасыз режим киргизилген акыркы мамлекети болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG