Ссылки доступа

АКШ конгрессмендери Кыргызстанга келет


АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү иш сапар менен Кыргызстанга келишет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Кыргызстанга бүгүн келчү конгрессмендер – Өкүлдөр палатасынын демократиялык өнөктөштүк комиссиясынын мүчөлөрү. Алар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышып, жолугушууларды өткөрөт.

Делегациянын курамына Питер Роскам, Дэвид Прайс, Эндрю Креншоу, Сьюзан Дэвис, Джим МакДермотт, Тим Мерфи, Жерри Коннолли, Дина Титус кирет.

Былтыр 21-июлда кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган. Быйыл президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан - АКШ кызматташуусу боюнча жаңы келишим даярдалып жатканын билдирген болчу. Бирок азырынча бул келишимдин качан кабыл алынары белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG