Ссылки доступа

Тажикстандын мурдагы ички иштер министри 24-июнда эркиндикке чыгат


Тажикстандын мурдагы ички иштер министри Якуб Салимов 24-июнда эркиндикке чыгат. Ал Ата Мекенге чыккынчылык кылган деген айып менен 15 жылга кесилген.

Тажикстандын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгындагы өздүк булак 1-июнда Якуб Салимовдун жаза өтөө мөөнөтү 23-июнда аяктай тургандыгын билдирген.

Бул кабар өлкөдө чоң кызыгууну жаратууда. Анткени бир жыл мурун эле Тажикстандын Башкы прокуратурасы Салимов 2015-жылдын жай айларынын ортосунда бошотула тургандыгын жарыя кылган. Ушул жылдын башында юстиция министри Рустами Шохмурод Салимовдун жаза мөөнөтү узартылбагандыгын жана ал бошотула тургандыгын маалымдаган.

Мурдагы ички иштер министри 1997-жылы Ходжент шаарында президент Эмомали Рахмонго кол салуу болгон учурда анын өмүрүн сактап калган. Ошол эле жылы ага куралдуу төңкөрүштү уюштурууга аракет жасаган деген айып тагылып, ал өлкөдөн чыгып кеткен эле. 2003-жылы ал тажик тараптын суроо-талабы менен Орусиядан кармалып, Дүйшөнбүгө алынып келгенден кийин 15 жылга эркинен ажыратылган болчу. 2012-жылдагы мунапыска ылайык, анын жаза мөөнөтү эки жылга кыскартылган. 2014-жылдагы мунапыстан кийин ал дагы бир жыл 3 ай абакта отурушу керек эле.

XS
SM
MD
LG