Ссылки доступа

Бухарадагы футболдук оюнга сакалчандарды киргизишкен жок


Жекшембиде Бухарада «Бухара» жана «Навбахор» ортосундагы жолдоштук оюнду көрүү үчүн келген сакалчан кишини стадионго киргизишкен жок. Тартип сакчылары ага алгач сакалын кырып туруп, анан гана ичкери кирүү кеңешин беришкен.

Футбол күйөрмандарынын биринин айтымында, сүйүктүү командасынын оюнуна күбө болуу үчүн ал жакын жердеги чач-тарачтардын бирине барып, сакалын алдырууга аргасыз болгон.

«Бухара» футбол командасынын фан-клубунун лидерлеринин бири сакалчан күйөрмандарды стадионго киргизбөө туурасында оозеки буйрук болгондугун тастыктады. “Сакалчан жаш жигиттерди ичкери киргизбей жатышат. Ал эми сакалдарын өстүргөн 40-45 жаштагы атуулдарга уруксат беришүүдө. Мындай талап азыр бардык жерде бар”,-деди «Бухара» фан-клубунун лидери.

Укук коргоочулар тартип сакчыларынын мындай кадамын адам укугун бузуу катары баалашууда. “Борбор Азиядагы адам укуктары” ассоциациясынын башчысы Надежда Атаеванын айтымында, сакал өстүргөн мусулман жарандарды коомдук жайларга киргизбөө – алардын укугун жана дин тутуу ынанымын чектөөгө барабар.

XS
SM
MD
LG