Ссылки доступа

Орусияда Түркияга жолдомо сунуштаган сайттар жабылды


Түркияга саякаттоо сунуштары жайгаштырылгандыгы үчүн Орусияда 20дан ашуун интернет-сайттарын баракчалары соттун чечими менен жабылды. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдайт. Интернет-сайттарга чектөө киргизүү боюнча доо арызды Роспотребнадзор берген.

Сайттар Владимир Путиндин Түркияга экономикалык, ал эми жарандарына визалык санкция киргизүү боюнча өткөн жылдын ноябрында кол койгон жарлыгынын негизинде жабылды.

Сот Түркия турлары туурасындагы маалыматтарды мыйзамсыз деп мүнөздөп, Роспотребнадзордун доо арызын канааттандырды.

Өткөн жылы Түркия аскердик аба күчтөрү орусиялык Су-24М учагын атып түшүргөндөн кийин Москва жана Анкара ортосундагы мамиле кескин солгундаган. Анкара учак түрк аба мейкиндигине кирип кеткендигин, бир нече жолку эскертүүгө жооп бербегендигин айтып келет. Орусиянын Коргоо министрлиги мыйзам бузуу болгонун төгүндөгөн.

XS
SM
MD
LG