Ссылки доступа

Кыргызстан ЕАЭБ-Вьетнам эркин соода келишимин ратификациялады


Кыргызстан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө-мамлекеттер менен Вьетнамдын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялады. 2016-жылдын 25-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Макулдашуу 90 пайыздан ашык товардык позициялар боюнча эркин соода жүгүртүүнү камсыз кылат. Алымдарды жокко чыгаруу жана базарларга кирүү режимин бошотуу эки баскыч менен жүргүзүлөт. Товардык позициялардын бир бөлүгү боюнча биринчи баскыч макулдашуу күчүнө киргенден башталат, калган бөлүгү – кыска өткөөл мезгилде жүзөгө ашат.

Макулдашуу товарларды, кызматтарды соодалоо, бажылык администрациялоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, инвесторлор киргизген капиталдык салымдар, интеллектуалдык менчик, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык, туруктуу өнүгүү, электрондук соода маселелерин камтыйт.

Документке лицензиялоо, ички базарды жана төлөм баланстарын коргоо чаралары, өнөр жай жана айыл чарба товарларына субсидия берүү маселелери боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында тиешелүү ченемдер киргизилген.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG