Ссылки доступа

Хованский көрүстөнүнүн директору адам өлтүрүүгө айыпталууда


Орусиянын тергөө органдары Хованский көрүстөнүнүн мурдагы директору Юрий Чабуев менен «Дени сак улут» уюмунун тең-төрагасы Александр Бочарниковду мушташ уюштуруу жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыптоодо.

14-майда болгон көрүстөндөгү мушташта үч тажик жараны өлүп, жыйырмадан ашуун мигрант жаракат алган.

Орусиянын Москва боюнча Тергөө комитети Хованский мүрзөсүндөгү мушташты алдын ала макулдашуунун негизиндеги “бейбаштык” жана “эки жана андан көп адамды өлтүрүү” катары баалаган. Чабуев жана Бочарниковго карата кылмыш уюштуруу беренеси менен иш козголду.

Бул арада сот Тажикстандык беш жаранды абакта кармоо мөөнөтүн узартты. Алар мушташ маалында колго түшкөн. Мигранттар “бейбаштык” беренеси менен айыпталып жатат. Тажикстан элчилиги өз атуулдарын коргоо үчүн жактоочу жалдаганын билдирди.

14-май күнү Москвадагы Хованский көрүстөнүндө кылмыштуу топ тажик жумушчуларына кол салган. Кавказ тектүү жарандардан жана орустардан турган топ мигранттарга салык салып, кирешелерин тең бөлүшүүнү талап кылган.

Жаңжал өөрчүп, ок атылып, натыйжада Тажикстандын Рогун шаарынан келген үч киши мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG