Ссылки доступа

Петербургда сот трансгендерлерге документтерин алмаштырууга уруксат берди


Петербург соттору 2015-жылдын октябрынан 2016-жылдын май айына чейинки аралыкта беш жолу трансгендердик адамдардын документтерин алмаштырууга уруксат берген чечимдерди кабыл алган. Анын ичинде эки аял жана үч эркек жаңы документке ээ болгон.

2015-жылдан тартып Жарандардын актылык абалын каттоо (ЗАГС) кызматы жынысын хирургиялык жол менен өзгөртүү жөнүндө маалымкаты жокторго мындай документтерди берүүдөн баш тартып келген.

Бирок адамдар бул маселени чечүү үчүн сотко кайрылууну эп көрүшкөн. Натыйжада дүйнөлүк тажрыйбада мындай документти алуу үчүн эч кандай маалымкат талап кылынбай тургандыгы белгилүү болгон.

“Выход” аттуу ЛГБТ-демилгелүү тобунун басма сөз катчысы Ника Юрьеванын айтымында, беш ирет соттон утуп чыгуу абдан чоң мааниге ээ. Анткени соттун чечиминен кийин токтоосуз документ алмаштырууга шарт түзүлөт. Канткен менен сырткы келбетине жана иденттүүлүгүнө төп келбеген документ менен жашоо абдан оор.

XS
SM
MD
LG