Ссылки доступа

“Центерра” кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко берүүгө ниеттенүүдө


“Кумтөрдү” иштеткен “Центерра голд” эл аралык арбитражга кайрыла турганын кыргыз өкмөтүнө эскертти.  Кыргызстандын аткаруу бийлиги ага жооп кылып, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, туруктуу кызматташууга кызыкдар экенин, талаштуу маселелерди кеңешүүгө даярдыгын билдирди.

Буга чейин өкмөттүн тапшырмасы менен мамлекеттик экотехинспекция “Кумтөр голд” компаниясын сотко берип, экологиялык зыяндын ордун толтуруу үчүн 7 миллиард сом талап кылган болчу. Сот анын төрт доо арызын карап, толугу менен канааттандырды. “Центерра” сот чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаар сотуна, анан Жогорку Сотко арыз жолдой турганын жарыялаган. Эгер Кыргызстанда сот адилет чечим кабыл албаса, эл аралык сотко чейин кайрыларын буга чейин маалымдаган.

Апрелдин аягында күч түзүмдөрү “Кумтөр голд компани” ишканасынын имаратында тинтүү иштерин жүргүзгөн. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча аталган компаниядан активдик каражаттарды мыйзамсыз сыртка чыгаруу фактысына байланыштуу кылмыш иши ачылган.

- Өкмөт “Центерра” компаниясынын жалпы акционерлеринин кызыкчылыгы үчүн талаштуу маселелерди чечүү боюнча кеңешме өткөрүү мүмкүндүгүн жана аларга катышууга даяр экенин жокко чыгарбайт. Өз кезегинде кыргыз тарап “Центерранын” башка акционерлери сыяктуу эле компаниядагы каржылык айкындуулукту, учурдагы жана келечектеги экологиялык көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнүн негизинде “Кумтөр” долбоорунун туруктуу иштешине кызыкдар. Бардык өкмөттүк чечимдер жана аракеттер мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына карата жүргүзүлөт,-деди өкмөт башчысынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов.

Юристтер кыргыз тараптын эл аралык арбитраждан утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү аз экенин белгилешет. Талдоочулар Кыргызстан эң чоң үлүшкө ээ болуп туруп, компаниянын ишмердигин көзөмөлдөй албай жатканын сынга алышууда.

XS
SM
MD
LG