Ссылки доступа

Казакстанда мунайсервис компаниясынын кызматкерлери ишин токтотту


Мангистоо облусундагы Techno Trading LTD компаниясынын ондогон жумушчулары айлык акыны жогорулатууну, чейрек сайын берилүүчү сый акыны калыбына келтирүүнү жана жамааттагы куугунтуктоолорду токтотууну талап кылып иш ташташты.

Techno Trading LTD ишканасынын электр адиси Ерлан Кенжебектин айтымында, жумушчулар 1-июндан тартып ишке чыгышпайт. Кызматкерлердин маалымдашынча, компаниянын Жетыбай менен Кызылдөбө айылдарындагы төрт цехинин иши токтотулат. Алардын ар биринде 50гө жакын кызматкер бар.

Жумушчулар айлык акыны 35 пайызга көтөрүп, сый акыны төлөп, куугунтуктоону токтотууну талап кылышууда. Ошондой эле алар жумуштун татаал шарттары, цехтердеги радиация, жумушчу жайларынын оңдолбогондугу эске алынбай жаткандыгын билдиришти.

Компаниянын кызматкерлери былтыр эле иш берүүчүнүн иш-аракеттерине нааразычылык билдиришкен. Мындан улам алты жумушчу иштен айдалган. Кызматкерлер орундарын калыбына келтирүү үчүн арыз жазышканы менен райондук сот канааттандырган эмес.

Techno Trading LTD компаниясындагылар түзүлгөн жагдай боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG