ЕККУ Украинанын чыгышында жергиликтүү шайлоонун коопсуздугун камсыздоо максатында куралдуу полиция миссиясын жөнөтүүгө дилгир экендигин билдирген.
Минск келишимине ылайык, Украинанын чыгышында шайлоо өткөрүлүшү керек.
“Вести” телеканалына берген маегинде Лавров ЕККУ байкоочулары өздөрүн коргоо максатында жеке курал катары тапанча алып жүрсө, Орусия буга каршы эместигин кабарлады.