Муфтият кабарлагандай, 2016-жылга карата бир адамга эсептелинген битирдин өлчөмү - 1,6 кг буудайдын, ундун жана мейиздин, болбосо 3,2 кг арпанын же курманын наркына барабар.
Бүгүнкү күндө 1,6 кг буудайдын баасы 32 сом, ун менен арпаныкы - 48 сом, мейиздики - 320 сом, курманыкы - 384 сом.
Кыргызстанда Орозо бул жылы 6-июнда башталып, 6-июлда айт майрамы белгиленет.
Орозодо мусулмандар күндүз тамак-аштан, суусундуктан, тамеки тартуудан жана жыныстык мамиледен баш тартат. Бир ай бою күн чыкканча жана күн баткандан кийинки учурда гана наар алууга болот.