Ссылки доступа

Актөбөдөгү атышууда бир нече адамдын өмүрү кыйылды (видео)


Казакстандын Ички иштер министрлиги куралдуу кол салуудан алты адам, анын ичинде бул кылмышка шектүү делген үч киши өлгөнүн кабарлады. Шаарда террорчуларга каршы операция жүрүп жатат.

Жекшемби күнү Казакстандын Актөбө облусунун админстративдик борбору - Актөбө шаарында белгисиз адамдар курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салды. Андан бир канча адам каза тапканын Казакстан ИИМинин атайын өкүлү Алмас Садубаев журналисттерге билдирди.

- Актөбө облусунун полиция бөлүмүнө курал саткан “Паллада” дүкөнүнө кол салуу болгону боюнча маалымат келип түшкөн. Ошондой эле дагы бир курал саткан дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салуу болгону белгилүү болду. Кол салуу учурунда “Паллада” дүкөнүнүн сатуучусу каза таап, дагы бир киши жаракат алды. Ал эми аскер бөлүктөгү окуяда бир офицер жана бир жоокер каза тапты. Мындан тышкары тогуз аскер жаракат алган, - деди Алмас Садубаев.

Анын айтымында, кол салгандардын бири колго түшүп, үчөө окко учту, бирөө жаракат алды. Бир нече кылмышкер курчоого алынып, кол салууга катышкан бир нече адам из жашырып кетти. Аларды издөө иштери жүрүүдө.

YouTube каналына жүктөлгөн дагы бир видео:

Казакстандын Ички иштер министрлиги Актөбөдө антитеррордук операция жарыялады жана элди көчөгө чыкпоого чакырууда.

Казакстандын ММКлары кабарлагандай, атышуу түшкү саат экилерде башталган. Белгисиз топ курал сатчу дүкөндөргө бастырып кирип, тоноп кеткен. 24-30 жаштын тегерегиндеги жигиттер полиция бөлүмүнө, аскер бөлүгүнө чабуул коюп, айрымдарды барымтага алганы да кабарланган.

​Маалыматтар боюнча Актөбөнүн үч районунда - бешинчи микрорайондо, филармония жана “Паллада” курал сатуучу дүкөнүнүн айланасында атайын операция жүрүүдө.

Казакстандыктар Актөбө шаарында 2011-жылы да атышуу болгонун эске салышууда. Анда 10-июнда шаардагы Жуковск жана Акимжанов көчөсүнүн бурчунда белгисиз адамдар "Мазда" автоунаасынын жүргүнчүсү, 22 жаштагы Нурлан Темировго кол салган. Ал октон көз жумган. Кылмыш иши козголуп, Актөбө облусунун сегиз тургуну 4 жылдан 19 жылга чейин кесилген. Алар терроризм жана мыйзамсыз курал, жардыргыч зат алып жүрүү беренелери боюнча айыпталган.

XS
SM
MD
LG