Euronews телеканалына берген маегинде ЮКОСтун мурдагы башчысы бийлик алмашкандан кийин зарыл болгон реформаларды колдой турган саясий команданы түзүү - анын башкы милдети экендигин билдирди.
Ходорковский Орусиядагы азыркы система автократиялык мүнөзгө ээ экендигин белгилеп, Владимир Путиндин ролун өтө эле баалай бербөөгө чакырды.
Мурдагы олигарх азыркы бийлик ураса, “реформачыл команданы” түзүүнү башкы милдети катары көрөт. Анын пикиринде, мындай команда эки жыл ичинде өлкөдө адилет шайлоо өткөрөт.
Путиндин санаалаштарына санкция киргизүү менен кысым көрсөтүп жаткан Батыштын учурдагы аракеттерин Ходорковский “маанисиз” деп эсептейт. Ошентсе да санкциялар Орусия президентин бир топ бушайманга салды. Ага “кол бала” болуп жүргөндөрдүн сый көрсөтүүсүнө тоскоолдуктар жаралды.