Ссылки доступа

Өзбекстанда Рамазан айында жапырт ооз ачар өткөрүүгө тыюу салынды


Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коомдук тамак ичүүчү жайларда, анын ичинде тойканаларда, үйлөрдө жана мечиттерде жамааттык ифтарларды өткөрүүгө тыюу салууну Ташкент акимчилигине сунуштады.

Муфтияттагылар мындай кадамга исламдын тарыхын эске алуу менен барышууда.

“Биздин пайгамбардын тушунда ооз ачарда тамак-ашы жок адамдарга ифтар уюштуруп беришчу. Бирок азыр бул тойго айланып кетти. Мындан улам бийлик өкүлдөрүнө кайрылдык эле, акимчилик биздин сунушту жүйөлүү деп таап, ага тыюу салды. Бул жылы тойкана жана коомдук тамак ичүү жайларында эч кандай ифтар болбойт”,-деди Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын орун басары Абдулазиз Мансура.

Анын айтымында, өзбекстандыктарга шаан-шөкөтсүз эле ооз ачуу сунушу берилди.

Өзбекстанда 2014-2015-жылдарда ифтар уюштурууга тыюу салынган. Көп жылдардан бери алгач ирет былтыр мечиттерде ооз ачууга уруксат берилген эле. Эми ага кайрадан бөгөт коюлуп, бул көптөгөн мусулмандарын нааразычылыгын жаратты.

Мындан тышкары Өзбекстан бийлиги жаш балдардын жапырт намазга жыгылуусуна тыюу салып келет. Бул жаштардын күмөндүү диний агымдарга кирип кетүүсүнө жол бербөө максатында жасалып жаткандыгы айтылат.

XS
SM
MD
LG