Ссылки доступа

Олланд Европа чемпиондугу учурунда теракт коркунучу бар экендигин моюнга алды


Франция президенти Франсуа Олланд футбол боюнча Европа чемпиондугу учурунда террордук кол салуу ыктымалдуулугу бар экендигин моюнга алды. Анын айтымында, жарандар коркууга алдырбашы керек.

Француз радиосуна берген маегинде президент футбол оюндары маалында 10 шаардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 90 миң тартип сакчысы тартыларын билдирди.

Ноябрда Парижде болгон теракттан кийин Францияда чочулоо сезимдер таркай элек.

Буга чейин Улуу Британия, Орусия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоочуларына кайрылып, Рамазан айында бүткүл дүйнөдө жигердүү иш баштоого чакырык таштаган.

XS
SM
MD
LG