Ссылки доступа

Швейцариялыктар ар бир жаранга жөлөк пул берүүгө каршы


Швейцарияда 5-июнда өлкө жашоочуларына кепилденген жөлөк пул берүү боюнча референдум өттү. Социологиялык сурамжылоого катышкандардын төрттөн үч бөлүгү бул демилгеге каршы добуш беришкен.

Кепилденген кирешени киргизүү демилгеси ар бир жаранга, анын ичинде чоң кишилерге айына 2,5 миң швейцариялык франк (2260 евро), ал эми балдарга 625 франк (565 евро) өлчөмүндө жөлөк пул берип турууга багытталган.

Демилгечилер бул адамдарды түйшүктүү эмгектен куткарып, чыгармачылык же жемиштүү башка иштер менен алектенүүгө шарт түзөрүн айтышууда.

Ал эми аны сынга алгандар “жел акчаларды” берүү мамлекеттик бюджетке күч келтирип, эмгекке болгон шыктанууну төмөндөтөт деп эсептешет. Швейцария өкмөтү бул демилгени ишке ашыруу үчүн салыктарды көбөйтүү зарыл экендигин эскертти.

Швейцария – бул теманы жалпы референдумга алып чыккан дүйнөдөгү алгачкы өлкө болуп калды. Антсе да мындай демилгелер Финляндия, Канада, Австралияда жана башка өлкөлөрдө да талкууга алынууда.

XS
SM
MD
LG