Ссылки доступа

Кургак учуктан жабыркагандарды Тажикстанда мажбурлап дарыламай болушту


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өлкөнүн Жарандык-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Анда кургак учуктун жугуштуу формаларынан жапа чеккен бейтаптарды ооруканаларга мажбурлап жаткыруу жагы каралган.

Буга чейин Тажикстанда жаранды психиатриялык стационарда күч менен кармоо жөнүндө гана мыйзам бар болчу.

Иликтөөлөргө караганда, 2015-жылга чейин ар 100 миң жаранга кургак учук менен ооруган 60тан бейтап туура келчү. Алардын арасында дартты өтүштүрүп, бирок ооруканага барбай, айланасындагыларга ооруну жугузуу коркунучун арттырып жүрө бергендер да бар эле.

Тажикстанда кургак учукту бекер дарылашат. Антсе да айрымдар дарыларды сатып алып жаткандыгын айтышууда. Былтыр Кылмыш жазаларын аткаруу кодексине түзөтүүлөр киргизилген. Ага ылайык, жабык мекемелердеги дарыгерлер тамак менен дары ичирүү үчүн камактагы бейтапты мажбурлоого укугу бар.

XS
SM
MD
LG