Ссылки доступа

Өзбек ырчысы Наргиз Закирова жолдошу менен ажырашууда


45 жаштагы белгилүү рок ырчы Наргиз Закирова орусиялык life.ru интернет-басылмасына италиялык ырчы Филипп Бальзано менен ажырашып жаткандыгын маалымдаган.

Жубайлар 20 жылдай бирге түтүн булаткан. Жолдошу соттошпой эле ажарышуу сунушун бергени менен ырчы айым ага көнгөн эмес. Наргиздин айтымында, мамиле каржы маселесиндеги пикир келишпестиктен улам сууп кеткен.

Азыркы тапта ырчы үчүн никени бузуу жараянына Максим Фадеевдин продюсердик борборунун юристтери жардам берип жатышат. Ал эми Наргиз Калмыкияда концерт берип жүрөт.

Наргиз Закирова Ташкентте белгилүү музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Анын чоң атасы – белгилүү опера ырчысы, Өзбек ССРинин Эл артисти Карим Закиров. Наргиз Закированын апасы – ырчы Луиза Закирова. Наргиздин аталаш агалары - атактуу Батыр жана Фаррух Закировдор.

Наргиз 1995-жылы АКШга эмиграцияга кеткен. Ал 2014-жылы Биринчи каналдагы “Голос” вокалдык шоу сынагында жеңишке жетишкенден кийин оозго алынган.

XS
SM
MD
LG