Ссылки доступа

Белоруста Крымды Орусиянын аймагы катары көрсөткөн глобустар сатыктан алынды


Белорусиядагы Могилев шаарындагы дүкөндөрдө Крым Орусиянын бөлүгү катары көрсөтүлгөн глобустар сатыктан алынды.

Крымды дүйнө коомчулугу Орусиянын курамында катары тааныган эмес. Андыктан облустун Соода жана кызмат көрсөтүү башкармалыгы ишкерлерге жалпы көз караштан айырмаланган саясий карталар менен глобустарды сатуудан баш тартууну сунуштаган. Бул туурасында euroradio.fm маалымдады.

Ал эми жергиликтүү бийлик бул маселеге “Громада” Белорус социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Игорь Борисовдун кайрылуусунан кийин көңүл бурган. Ал мындай продукция сатып алуучуларды адаштырып, Белорусиянын Крым боюнча расмий позициясына карама-каршы келе тургандыгын билдирген.

Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары көрсөткөн глобустар польшалык ZACHEM-GŁOWALA фирмасы тарабынан өндүрүлгөн. Компаниянын директору Кшиштоф Гловала Орусия базарынан кол жууп калбоо үчүн фирма ушундай буюмдарды чыгарганын билдирди.

XS
SM
MD
LG