Ссылки доступа

Жакыр өлкөлөрдөгү жаш балдардын үчтөн биринин акылы тайкы болуп калууда


Өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү 3-4 жашар балдардын үчтөн биринин акыл-эси жалпы кабылданган стандарттарга шайкеш келбейт.

БУУнун Балдар фонду жана ЮСАИДдин маалыматы боюнча мындай балдар көбүнесе тропикалык Африкада, анын ичинде Чад, Сьерра-Леон жана Борбордук Африка Республикасында жашашат.

Изилдөө авторлорунун пикиринде, атайын программалардын жардамы менен каалаган курактагы баланын акыл-эсин өнүктүрүүгө көмөктөшсө болот. Канткен менен кем акылдык адамдын саламаттыгына гана эмес, социалдык калыптануусуна жана тийиштүү билим алуу жөндөмүнө да кедергисин тийгизет.

Окумуштуулар мунун себебин жакырчылыкка жана тамак-аштын жетишсиздигине байланыштырышат. Ошол эле учурда бул көйгөйдүн тамырын кошумча изилдөөнүн зарылдыгын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG