Ссылки доступа

Башар Асад: "Биз аягына чейин күрөшөбүз"


Сириянын президенти Башар Асад өлкөнүн "бир сөөм жерин" калтырбай, толугу менен  каршылаштарынан тазалап чыга тургандыгын убада кылды. Бул туурасында ал парламенттин жаңы курамдагы депутаттарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Эл өкүлдөрү ал апрель шайлоосунан кийин алгачкы отурумуна чогулган.

"Террорчуларга каршы күрөшүбүз толук жеңишке жетмейинче улана берет”, - деди Асад. Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу азыр өкмөт күчтөрү үчүн ыңгайлуу жагдай өкүм сүрүүдө. Президент өкмөт жеңишке жетишпесе, Сириянын келечеги бүдөмүк экендигин айтты.

Орусия Сириядагы аба кампаниясын былтыркы жылдын сентябрында баштаган. Ал өкмөттүк күчтөргө колдоо көрсөтүүдө. 2016-жылдын мартында сирия аскерлери орусиялык аба күчтөрүнүн колдоосу менен Пальмираны ээлеп, “Ислам мамлекети” радикалдуу тобун сүрүп чыгарган. Бул топтун ишине бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда да тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG