Ссылки доступа

Атамбаевге каршы доо арыз 8-июнда каралат


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда укук коргоочулар - Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованын доо арызы боюнча соттук териштирүү башталат. Бул туурасында “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылы кабарлады.

Укук коргоочулар президент расмий түрдө кечирим сурап, алардын дарегине айткан сөзүн кайра алышы керек деп эсептешет. Доо арызда моралдык чыгым 2 миллион сомго бааланган.

Май айынын ортосунда “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин лидерлери бийликти күч менен тартып алууну көздөшкөн деген айып менен кармалган. Аталган бирикменин 12-майда өткөн отурумуна Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

14-майда Энелер күнүнө арналган иш-чара учурунда өлкө президенти “Элдик парламент” мүчөлөрү өлкөдөгү абалдын туруктуулугуна доо кетирүүгө аракет кылып жаткандыгын белгилеп, аталган укук коргоочуларды “чет өлкөдөн келген гранттарды берилгендик менен актап жатат” деп айткан.

Мындан соң укук коргоочулар президентке кайрылуу жолдоп, кечирим суроосун талап кылышкан. Ошондой эле “Элдик парламенттин” отурумуна мониторинг жасоо үчүн гана барышканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG