Ссылки доступа

Хиллари Клинтон президенттикке талапкер болууга жетиштүү добуш топтоду


Хиллари Клинтон Демократиялык партиядан талапкер катары көрсөтүлүүгө жетиштүү сандагы делегаттардын добушун топтой алды. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары 6-июнда жазып чыкты.

Клинтон Республикалык партиядан талапкер болот деп болжолдонуп жаткан Дональд Трампка шайлоодо негизги атаандаш болушу мүмкүн.

Бирок Демократиялык партиядан Клинтондун атаандашы болгон Берни Сандерс мындай жыйынтык чыгаруу эрте экенин, кийинки айга белгиленген Демократиялык партиянын курултайында жеңиш үчүн күрөшөрүн жарыялады.

Сандерстин командасы да Демократиялык партиянын делегаттары толук добуш бере элек кезде Клинтондун жетиштүү добуш алганы тууралуу жазуу туура эмес экенин билдирип чыкты.

Дональд Трамп Республикалык партиянын курултайында талапкер болуп бекитилиш үчүн талап кылынган 1237 делегаттын добушун буга чейин эле топтоого жетишкен.

Ал эми Хиллари Клинтондо талап кылынган 2389 делегаттын 2323үнүн добушу бар.

XS
SM
MD
LG