Ссылки доступа

Жикчилдер Надежда Савченко менен тикелей диалог жүргүзүүгө даяр


Өздөрүн Донецк Элдик республикасы деп атап алган тараптын өкүлү Денис Пушилин Надежда Савченкого тийиштүү ыйгарым укуктар бериле турган болсо, жетекчилик аны менен тикелей диалог курууга даяр экендигин билдирди.

"Интерфакска" берген маегинде Пушилин Киевдин азыркы өкүлдөрү Донецк жана Луганск менен түздөн-түз сүйлөшүүдөн качып, тынч процессти ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатат деп айтты.

Буга чейин Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченко Украина жикчилдердин лидерлери менен түздөн-түз сүйлөшүү керектигин билдирген. Ошондой эле Донецк жана Лугансктын жетекчилери Александр Захарченко менен Игорь Плотницкийди “элдик депутаттар” катары кабылдап, алар менен диалог курууга даяр экендигин айткан.

Савченко Донбассты күч менен кайтарып алууга каршы экендигин баса белгилеп, Орусияга каршы санкцияларды узартуу колдогон.

25-майда украиналык учкуч Надежда Савченко Украинага кайтып келген. Ал Орусияда 22 жылга эркинен ажыратылган болчу.

XS
SM
MD
LG